01:19
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Күйөөсү тарабынан барымтага алынган аял каза болду

Күйөөсү тарабынан барымтага алынган аял каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору маалымдады.

Такталгандай, барымтага алынган аял алган жаракатынан улам кечээ саат 21:10до каза болду.

«Алгач жабырлануучуну ооруканага алып келгенде абалы оор болгондуктан жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырганбыз. Маркумдун денеси өлүкканага өткөрүлүп берилди», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, Бишкекте эки күн мурун болжол менен саат 19:50дө Дэн Сяопина көчөсүндө 36 жаштагы киши мас абалында кызганычтан улам аялын бычак менен барымтага алган. Аялды куткарууга аракет кылгандарга бычак шилтеп, эч кимди жолотпой койгон. Учурда териштирүү иши жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар