Жол кырсыкка кабылган тез жардам кызматкерлеринин баары башынан жабыркашкан

18:25, 18 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Орозбеков көчөсүндөгү жол кырсыктан жабыркаган дарыгерлердин бардыгы баш мээсинен жаракат алышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Тез жардам унаасынын ичинде төрт адам болгон: дарыгер, эки медайым жана айдоочу.

«Медайымдардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор. Ал көкүрөгүнөн, курсагынан жана баш мээсинен жаракат алган», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, бүгүн чакыруу боюнча тез жардам унаасы кызыл күйүп турганда өтүп бараткан. Жүк ташуучу унаа келип сүзгөндө светофорго барып кептелип калган.