10:21
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Сузактагы аялын кордогон адамдын кылмыш иши сотко өттү

Сузактагы аялын кордоо боюнча козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралу Жалал-Абад облустук ИИБ 24.kg агенттигине маалымдады.

Маалым болгондой, 52 жаштагы Б.З. аттуу жаран толугу менен күнөөсүн мойнуна алган. Ал өзүнүн кылганын мас абалда болгондугу менен түшүндүрөт

«Айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин «Кордоо» беренеси боюнча камакка алынды. Окуяны видеого тарткан аял күбө катары ишке катышат», — деп билдирет маалыматта.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда бир киши аялынын эки колун таңып, дөңгөлөк байлап, жаакка чаап, башынын ылдый суу куюп сабаган видеосу тараган. Аны менен катар бул көрүнүштү видеого тартууну буюрат. Соттун чечими менен ал 15 күнгө камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар