COVID-19. Бир суткада 95 кишиден вирус аныкталды

10:10, 18 июня 2020, Бишкек - 24.kg

18-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 95 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламатыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында — 49, Чүй облусунда — 14, Ош шаарында — 7, Ош облусунда — 7, Баткен облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 6, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 7 кишиге вирус жукту.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны - 2 миң 657.