10:05, 18 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте кечээ болжол менен саат 19:50дө Дэн Сяопина көчөсүндө 36 жаштагы киши мас абалында кызганычтан улам аялын бычак менен барымтага алган. Аялды куткарууга аракет кылгандарга бычак менен шилтеп, эч кимди жолотпой койгон. Бул тууралуу Бишкектеги ИИБдин пресс-кызматы маалымдады.
«36 жаштагы С.К. аттуу жаран мас абалында кармалып Биринчи май райондук ИИБге жеткирилди. Аялы жаракат алган, ал ооруканага жеткирилди. Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды жана экспертиза жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.