Ошто каналга түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды

10:02, 18 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында каналга түшүп кеткен эркек кишини сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 1978-жылы туулган киши 17-июнь күнү саат 10:46да шаардагы Увам каналына түшүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүүгө Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгү суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.