Ресторандагы «кыз узатуу» токтотулду. Ош мэриясы той боюнча кабарлоону суранат

09:15, 18 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын ресторандарынын биринде өтүп жаткан «кыз узатуу» токтотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.

Маалыматка караганда, ресторандын ээсине жана той өткөрүп жаткан тарапка айып пул салынды.

«Ресторан убактылуу жабылат. Ош шаарында жашыруун той өтүп жатканын байкап калсаңыз шаардык мэрияга кабарлап коюңуз. 166 кыска номуруна байланышып, видео, сүрөттөрдү 0755 38 38 21 WhatsApp номерине жөнөтүңүз», — дейт ал.