Чек ара өткөрүү пункттарын ачуу менен жүк ташуучулардын көйгөйү чечилди

14:52, 17 июня 2020, Бишкек - 24.kg

«Чалдыбар» жана «Кең-Булун» өткөрүү пункттары иштегенден тартып «Ак-Тилек» өткөрмө бекети аркылуу жүктөрдү түшүрүлүп, жүк ташуучу унаалардын тыгыны жөнгө салынды. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.

Анын айтымында, бүгүн мамлекеттик чек арадагы кыргыз-казак тилкесинде төрт жол өткөрүү пункту ачылды: Чүй облусунда Ак-Тилек, Чалдыбар, Кең-Булун жана Талас облусунда Чоң-Капка пункту.

«Жүк ташуучу унаалар жана жарандар «Ак-тилек» жан «Чоң-Капка» аркылуу өтсо болот. Ал эми «Чалдыбар» өтмөгү аркылуу эки тарапка тең бир гана жүк ташуучу унаалар өтө алат. «Кең-Булуң» пункту бош жүк ташуучу унааларды гана өткөрөт», — деп берилет маалыматта.

Бардык өткөрүү пункттарындагы абал туруктуу экендиги белгиленди.