13:43, 17 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеште бүгүн Кубатбек Бороновдун премьер-министрликке койгон талапкерлигин талкуулашты.
Министрлер кабинетинин курамына жетекчилик кылуу кызматына талапкер Кубатбек Бороновду 105 депутат колдоду.
Спикер Дастанбек Жумабеков жаңы премьер-министрди кызмат орду менен куттуктап, ийгилик каалады. Ал премьер-министрлик кызматына чон ишеним жана үмүт артылганын белгиледи.
«Мен сизге ийгиликтерди каалайм. Сизге чоң жоопкерлик артылды. Сиз демократия жолу менен таза шайлоо өткөрүп жана баардык депутаттарга бирдей мамиле кылышыңыз керек», — дейт спикер Дастанбек Жумабеков.
Ал эми Кубатбек Боронов ишеним арткандары үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.
«Биз ак иштөө үчун баардык күчүбүздү жумшайбыз. Элдин баардык мүдөөсүн аткарабыз», — дейт Кубатбек Боронов.