01:01
USD 87.45
EUR 99.02
RUB 1.08

Таластагы жаңы алты учурдун үчөөсү эң алгач катталган бейтаптан жугузуп алган

Таластагы жаңы катталган алты учурдун үчөөсү биринчи вируска чалдыккан бейтап менен байланышта болгон. Бул тууралуу Талас аймактык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Чолпон Сагындыкова маалымдады.

Анын айтымында, бир үйдөн төрт адамдан коронавирус аныкталган, алардын ичинде эки жаштагы наристе дагы бар.

«17-июнда катталган алты бейтаптын биринчи учуру -Талас облусу боюнча алгачкы вирус аныкталган бейтаптын тууганы экендиги аныкталды. Экинчи учур-тез жардам унаасынын айдоочусунун жубайы, үчүнчү учур-Бакай-ата райондук оорукананын дарыгери. Ал Оренбургдан келген обсервациядагы аял менен байланышта болгон. Төртүнчү учур-студенттен аныкталды. Ал үйүнөн көп деле чыккан эмес, бирок анын жакын адамы каза болуп ошол жака барганда көпчүлүктө жугузуп алган. Бешинчи жана алтынчы учур-жакын туугандар. Алардын дене табы көтөрүлуп медицина кызматкерлерин чакырышкан. Дарыгерлер алардан коронавирустун симптомдорун аныкташкан. Алар көчөгө чыгышкан эмес, бирок Бишкектен туугандары барган экен», — дейт Чолпон Сагындыкова.

Таластагы жаңы катталган алты учурдун үчөөсү биринчи вируска чалдыккан бейтап менен байланышта болгон.

«Башка региондордо вирус күч алып жатканда бир гана Талас облусунан катталган эмес. 11-июнда үч жаңы учур каттылды. Алардын бири Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгер, экинчиси анын жубайы жана досу», — деп кошумчалады дарыгер.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин божомолу боюнча коронавирус аныкталган алгачкы бейтаптын Талас шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө «Кенч» аттуу дүкөнү бар. Ал дүкөн коронавирустун очогу болушу мумкүн, себеби жүк ташуучу ж.б. унаалар дүкөн аркылуу өтөт.

Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 2 миң 562ге жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар