12:20, 17 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеште Кубатбек Бороновдун премьер-министрликке койгон талапкерлигин талкуулашууда.
Депутат Тынчтыкбек Конушбаев коомдо кайрадан карантин киргизилери боюнча сөздөрдүн чындыгын тактады.
Кубатбек Боронов айтымында, пандемияга байланыштуу кайра карантин жарыялоо - эң акыркы чаралардын бири.
«Региондордо коронавирус кырдаалы салыштырмалуу туруктуу. Бишкек, Ош, Чүй облусу тынчсыздандырууда. Башында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал кабыл алганыбыз туура болгон. Үйдө узакка отуруу мүмкүн эмес, экономика өнүгүшү керек ал эми эл иштеши керек. Ошондуктан тобокелчиликке салып баарын ачтык. Бирок эл өздүк гигиенанын тартиптерин сактоосу керек. Көчөдө эмне болуп жаткандыгын сиздер өзүңүздөр көрүп жатасыздар, элдин 70 пайызы санитардык норманы сактабай жатышат», — дейт Кубатбек Боронов.
Премьерликке талапкер белгилегендей, Бишкек шаардык мэрия белгилүү чараларды кабыл алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, норманы сактабагандарга айып салынат. Кубатбек Бороновдун пикири боюнча эн эле коркунучтуусу бул-айрым адамдардын коронавируска ишенбей жатканы.