10:47, 17 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 12, Баткен облусунда — 2, Талас облусунда — 1 медик вирус жуктурду.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 495 учур катталды, алардын ичинен 367 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.