07:33
USD 84.79
EUR 98.85
RUB 1.19

COVID-19. Жалал-Абадда вирус жуктуруп алган 36 жаштагы киши каза тапты

Жалал-Абадда вирус жуктуруп алган 26 жаштагы жигит каза тапты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, маркум Бишкек шаарынан Жалал-Абадка жаназага барган.

«Ал жигит Бишкекте жашылча-жемиш сатып иштеп жүргөн. Өз алдынча дарыланып, антибиотиктерди ичип жүргөн. 11-июнда Жалал-Абадка жаназага барып, абалы оорлошуп, 12-июнда ооруканага түшөт. 16-июнда кайтыш болду», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирустан 30 киши каза тапты. 

Эң көп окулган жаңылыктар