17-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 90 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында — 36, Чүй облусу — 29, Ош шаарында — 7, Ош облусунда- 6, Баткен облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 3, Талас облусунда- 6 киши вирус жуктурду.
«Жаңы катталгандардын 13 пайызы сырттан келгендерден аныкталды. Тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор — 42 адам (47%). Дагы 36 кишим (40 пайызы) кайдан жуктурганын билбейт», — дейт Нурболот Үсөнбаев.
Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 2 миң 562ни түздү.