10:13, 17 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Парламенттин төрт депутаты Наталья Никитенко, Евгения Строкова, Гүлшат Асылбаева жана Алфия Самигуллина коомдук саламаттыкты сактоо кызматына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөгө жана байкоо жүргүзүүгө жооптуу адам дайындоону сунушташты. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга жөнөтүлдү.
Демилге авторлору бул кызмат санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүп, сергектикти калыптандырууга жана жарандардын ден-соолугун чыңдоого милдеттүү экендигин белгилешти.
Кыргызстандын санитардык башкы дарыгери коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын иш-аракетин координациялайт.
Депутаттардын айтымында, координатор жок болгондуктан, кызмат натыйжалуу иштебей калган.
«Бул түзүм санитардык эрежелердин сакталышын гана көзөмөлдөбөстөн, ошондой эле ар тараптуу алдын-алуу иш-чараларын өткөрүп, окутууларды, гигиеналык эрежелерди сактоо жана калктын алдын алуу жөнүндө билимин жогорулатуу зарылдыгын коомчулукка маалымдоосу керек», — деп кошумчалашты.