12:30
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Сокулукта 19 жаштагы кыз төрөп, ымыркайын дааратканага таштаган

Сокулук райондук соту 19 жаштагы В.И. аттуу кызды «Ымыркайды өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат .

Тергөөчүлөрдүн айтымында, кыз баланы боюнан түшүрүү үчүн атайын дары ичкен, андан соң жаңы төрөлгөн ымыркайын дааратканага таштаган.

Соттук териштирүү ишинде айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

«Сот отурумунда күбө, окуя болгон күнү ага кызы келип дааратканада мышыкпы, же бала ыйлап жатабы деп сураган. Кошуналары ымыркайды чыгарууга жардамга келишкен, ал учурда кыз тирүү болгон. Сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, бирок мунапыс колдонуу менен аны жазадан бошотту», — деп айтылат документте.

Наристе кийин ооруканада чарчап калган.

Эң көп окулган жаңылыктар