Кыргызстанда 50 миңден ашуун норка жана ондатрдын (териси кымбат кемирүүчү жаныбар) терисин жүк ташуучу унаага импорттоп жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы маалымдады.
Анын айтымында, Каржы полициясынын кызматкерлери «Ак-Тилек» өткөрүү пунктундагы мобилдик топтун курамында тиешелүү документтери жок Scania үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашкан.
Унааны тинтүү иштеринде алар 50 миңден ашык жаныбардын терисин табышкан.
Келтирилген чыгымдын суммасы 500 миллион сомго жетет.
Сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатат.