Бүгүн Бишкек жана Чүй облусунда катуу шамал болуусу күтүлүүдө

15:10, 16 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Жакынкы саат аралыгында жана бүгүн түнү Бишкек шаарында, Чүй облусунда күтүүсүздөн катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 чакырымга жетет.

Өзүңүздөргө сак болуңуздар жана автоунааңыздарды бак-дарактардын алдына токтотпоңуздар.