10:14, 16 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Өлкөдө коронавирустан дагы бир бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бейтап 85 жашта көз жумду.
«Оор абалда плевмания менен ооруканага түшкөн», — деп белгиледи Нурболот Үсөнбаев.
Өлкөдө илдеттен каза болгондордун саны 28ге жетти.