Бишкекте санитардык талаптар аткарылбаса шаар кайра жабыларын белгиледи. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
Ал акыркы эки күндө ордо каалада 98 адам коронавирус жуктурганын белгилейт.
«Айтсак жаман көрүп, ишенбей, талаптарга көңүл кош карайсыңар. Эми таарынбагыла. Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр, ресторан жана кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине акыркы каттуу эскертүү. Санитардык нормаларды сактабагандар жазасын алышат. Мындан да күчөп кетсе шаарды жабабыз», — дейт ал.
Бишкекте вирус жуктургандардын саы 845ке жетти.

