11:03, 15 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Чолпон-Атадагы бышты жорго чабышта Өмүрбек Бабановдун жоргосу биринчи байгеге ээ болду. Бул тууралуу «Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, жоргосу бышты, аны Бабановдун үй-бүлөсү таптаган.
«Менин жоргом Чолпон-Атада өткөн бышты жорго салышта биринчиликти алды! Ура! Роки менин атканамда туулуп-өсүп, тапталган. Андыктан сүйүнүчүм абдан чоң», — дейт Өмүрбек Бабанов.