17:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Украинанын президенти карантиндик тартипти бузганы үчүн 47 миң 445 сом төлөйт

Украинанын президенти Владимир Зеленскийге карантиндик тартипти бузгандыгы үчүн 17 миң гривен (47 миң 445 сом) айып пул салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, өлкө башчы Владимир Зеленскийдин жанында башка дагы мамлекеттик кызматкерлер жана Украинанын санитардык башкы дарыгери Виктор Ляшко дагы болгон. Алар Хмельницкий шаарындагы кафеге барышкан.

«Менин жашоомдогу эң кымбат кофе», — деп пикирин калтырган Виктор Ляшко.

Мамлекет кызматкерлер жана өлкө башчыга 17 миң гривен (47 миң 445 сом) айып пул салынып, Владимир Зеленский төлөөгө даяр экенин билдирген. Ал эми кафенин жетекчиси 34 миң гривен (94 миң 890 сом) өлчөмүндөгү айыпка жыгылган.

Жарыяланган маалыматта баардык катышуучулар бет капсыз отурушканы маалым болгон.

Эске сала кетсек, Sputnik радиосу буга чейин президент Владимир Зеленский COVID-19 вирусу менен атайын ооругусу келгенин маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума