16:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутат: Google менен Инстаграм Кыргызстанга акча төлөшү керек

«Дүйнөнүн ири социалдык тармактары жана интернет компаниялары Кыргызстанга бир тыйын дагы төлөбөйт», — деди депутат Гүлшат Асылбаева «Маалыматты башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда.

Депутат дүйнөлүк компаниялар өлкөнүн бюджетине салык төлөөсү керектигин билдирет.

«Мына интернеттен акча таап жаткан балдар азаматсыңар. Facebook да, Instagram да, Google дагы бизге бир тыйын төлөбөйт, болбосо алар биздин акылыбыз менен колдонулат», — деди Гүлшат Асылбаева.

Белгилей кетсек, 2020-жылдан тартып Google, Apple, Samsung, Blizzard жана Netflix сыяктуу дүйнөлүк компаниялар Өзбекстанда каттоодон өткөн. Google Commerce тарабынан биринчи кошумча нарк салыгына I кварталдагы иштин жыйынтыгы боюнча 85 миң евро төлөнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар