Кыргызстанда доллардын баасы сутка ичинде 30 тыйынга кымбаттады

09:50, 12 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде доллардын баасы 30 тыйынга көтөрүлүп биздин сом менен 75 сомго жетти.

Бүгүн америкалык валютаны 74-74,2 сомдон сатып алып кайра 74,9-75 сомдон сатышууда.

Номиналдуу курс Улуттук банк тарабынан 74,399 деп белгиленди (өсүү-0,32 пайызга чейин)

Россия валютасы дагы мурдакы баасынан көтөрүлдү. Бүгүн рублды 1,04-1,07 сомдон сатып алып 1,075-1,1 сомдон сатышууда. Расмий курс 1,0834 деп белгиленген (өсүү-0,41 пайызга чейин)