17:39, 11 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Жала-Абад облусунда саат 14:58де 3 баллга жаткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.
Жер титирөө Ноокен районунун Көк-Таш, Кара-Булак, Тоскоол, Эски-Масы айылдарында 3 баллга жеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.