17:01, 11 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкеке Бириккен Араб Эмирлигинен 187 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
«Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыкты. Азыркы учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды», — деп кошумчалады республикалык штаб.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга келе турган маршруттарын издөө боюнча иштер улантылып жатат.