11:11, 11 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Акыркы сутканын көрсөтмөсү боюнча дүйнө жүзүндө 121 миң 628 байтаптан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн-карта тастыктайт.
Дүйнө жүзү боюнча жалпы 7 миллион 360 миң 239 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын ичинен 2 миллион 464 миң АКШда катталды. Бразилияда — 772 миң 416, Россияда — 493 миң 23, Улуу Британияда — 291 миң 588, Индияда — 276 миң 583, Испанияда — 242 миң 280 жана Италияда — 235 тысяч 763.
COVID-2019 вирусунан айыккандардын саны 3,4 миллион адам. Үч күндүн ичинде 83 миң 91ге өстү.
Каза болгондордун саны 416 миң 116га жетти. Биринчи күндүн көрсөткүчүнө салыштырмалуу 4 миң 839га өстү. Анын ичинде АКШда- 112 миң 924, Улуу Британияда-41 миң 213, Бразилияда-39 миң 680, Италияда-34 миң 114, Францияда-29 миң 322.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 2 миң 129, Казакстанда-13 миң 319, Өзбекстанда-4 миң 623, Тажикстанда-4 миң 763.