Бүгүн коронавирус аныкталган 13 бейтап илдетти кайдан жугузуп алганы белгисиз

10:26, 11 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бүгүн коронавирус аныкталган 36 бейтаптын ичинен 13ү илдетти кайдан жугузуп алганын билбейт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

«Бүгүн катталган жаңы 36 жаранда COVID-19 вирусу тастыкталды. Анын 4 учуру чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталган. Калган 19 учур медициналык көзөмөлдө тургандардан табылса, 13 учурдун булагы белгисиз бойдон калууда», — дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 1-июндан тарта баардык иш-кана, мекемелер иштеп башташкан. Учурда коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө.