COVID-19. Сутка ичинде 10 дарыгерден коронавирус аныкталды

10:11, 11 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалымат жыйынында маалымдашты.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында тогуз дарыгерден, Ош шаарында бир медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 419 учур катталды, алардын ичинен 312 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.