Кыргыз-казак чек арасындагы тыгынды азайтуу үчүн «Чалдыбар» бекети ишке кирди

09:01, 11 июня 2020, Бишкек - 24.kg

«Чалдыбар» өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөрмө бекетинен өтүп жатканда бардык айдоочулар организминде коронавирус бар-жок экенин аныктоочу экспресс-тест тапшырууга тийиш. Анализи таза чыккан айдоочулар Казакстанга кире алышат.

Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрмө бекети иштеп жатат. Алар: Чүй облусунда «Ак-Тилек», «Чалдыбар», Таласта «Чоң-Капка» бекеттери.

Белгилей кетсек, май айынын аягынан бери кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги түзүлдү. Кыргызстан Казакстанды атайын тоскоолдук түзүүгө айыптап, ЕАЭБтеги министрлерин чакырып алмакчы болуп жатканын билдирген.