Муфтият: 11-июнда муктаждарга битир-садака таратылат

15:44, 10 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кырыгзстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 11-июнда битир-садакадан чогулган каражатты жардамга муктаждарга таратат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл муфтиятка 300дөн ашуун жаран жардам сурап кайрылган, алардын ичинен эртең биринчи этаптагы 70 жаранга берилет.

«Учурдагы кырдаалдан улам жарандардын социалдык аралыгын сактап, байланышты азайтуу максатында битир-садака алуу үчүн келгендер түзүлгөн тизменин негизинде кезек-кезеги менен үч топко бөлүнөт», — деп айтылат билдирүүдө.

  • Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга — 2500 сом,  ун;
  • Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө — 2 миң сом,  ун;
  • Батирде турган, үй-бүлөлүк социалдык абалы начар жарандарга — 1500 сом,  ун.