14:05, 10 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Коңшу мамлекет Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 13 миң 74кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Коронавирустан айыккандардын саны — 8015. Дарыланып жаткандардын саны — 1969.
Коңшу өлкөнүн Алматы, Атырау, Мангистау, Шымкент жана Түркстан аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу болбой жаткандыгына байланыштуу кайрадан карантиндик тартип күчөтүлдү.
Эске сала кетсек, Казакстанда алгачкы учур Алматы калаасында катталган.