Нарында балык кармаганы кеткен эки киши изделүүдө

13:04, 10 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунда балык кармаганы кеткен эки адам беш күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, Жумгал районунун Миң-Куш айылынын 43 жана 42 жаштагы эки тургуну 5-июнда Көкөмерен дарыясынан балык кармаганы Өрнөк айылына кетишкен. Ошо бойдон экөөнөн тең дайын жок болууда.

Аларды издөөгө 13 киши тартылды.