15:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанга Кореядан 12 кыргызстандык кайтып келди

Кыргызстанга Кореядан 12 жаран кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар кореянын Asiana Airlines авиакомпаниясынын чартердик аба каттамы аркылуу Эл аралык Алматы аэропортуна конушкан. Ал жактан Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосу менен Бишкекке алынып келинди.

Кореядан келген кыргызстандыктар обсервацияга жайгаштырылып, атайын медициналык процедурадан өтүшөрү белгилүү болду.

«Мекендештерибизди чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон баардык чаралар көрүлүүдү», — деп билдирди ТИМ.

Эң көп окулган жаңылыктар