01:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Оштогу июнь окуясына байланыштуу 49 адам өмүр бою эркинен ажыратылган

Кыргызстанда 2010-жылы июнь айында болгон Ош окуясына байланыштуу 53 адам өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова билдирди.

Анын айтымында, эки айыпталуучунун иши сотто каралып, жыйынтыгында алардын жазалары кыскартылган. Дагы эки адам түрмөдөн көз жумган.

Учурда Кыргызстандын түштүгүндө июнь коогалаңын уюштургандыгы жана катышкандыгы үчүн 49 адам жазасын өтөөдө.

Жалпысынан, түштүк аймагында 2010-жылдагы окуяларга ылайык, расмий маалыматтарга караганда, 5 миң 600дөн ашык кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 9 пайызы гана ачылган.

«Мисалы, зордуктоо боюнча 10дон ашуун фактылар катталган, алардын бири дагы ачылган жок. «Кылым Шамы» мамлекеттик органдардан ок атуучу куралдарды тартып алуу боюнча 28 факт каттаган, бирок эч ким жоопко тартылган эмес», — дейт Азиза Абдрасулова.

Этникалык кагылышуу 2010-жылдын 11-июнуна караган түнү Ошто башталган. Бейрасмий маалыматтар боюнча, башаламандыктын алгачкы күндөрүндө 800гө жакын адам өлгөн. 14-июнда кечинде ММКлар эки миңден ашуун адамдын өлгөнүн кабарлашкан.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары расмий каттоодо 443 өлгөн деп билдирет.

Эң көп окулган жаңылыктар