07:01
USD 84.80
EUR 99.12
RUB 1.17

«Энелердин көз жашы унутала элек». Сооронбай Жээнбеков Ош коогалаңын эскерди

Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ош облусунда жүрөт. Ал 2010 — жылдагы Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата каза болгондору эскерди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду. Июнь окуясында каза болгондорго багышталып куран окулду.

Каза болгондордун туугандары жана окуянын катышуучулары менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков ошол күндөрү болгон трагедиянын, эл башына түшкөн кайгы-муңдун издери дале болсо өчө электигин белгиледи.

«Энелердин төгүлгөн көз жашы, сыздаган ыйы, аталардын арманы унутула элек. Шейит болгон мекендештерибиздин элеси баарыбыздын жүрөгүбүздө», — деп айтты президент.

Мамлекет башчысы дагы бир ирет каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, ошол кандуу күндөрдө ушул жерде жүргөнүн, ал окуяларды өз көзү менен көрүп, керт башынан өткөргөнүн эске салды.

«Сиздер менен чогуу чыр — чатакты токтотуу үчүн, тартипти калыбына келтирүү үчүн, элдин тынч турмушун улантуу үчүн тикебизден тик турдук. Баары эсимде. Ал күндөрү жакынын жоготкон ар бир мекендешимдин арманын, силердин кайгы—муңуңарды сезип, жүрөгүм менен кабыл алам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Июнь окуялары мамлекеттин бүтүндүгүн, улуттар ортосундагы ынтымакты көздүн карегиндей сактоо керектигин эскертип турарын баса белгиледи.

«Кылымдар бою эриш-аркак, куда-сөөк, бир тууган болуп жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымак менен биримдикти аздектеп, байыркы Ош шаарынын даңазалуу тарыхын жараткан. Улуттар аралык тынчтыкты, ынтымакты көздүн карегиндей сактоого ар бирибиз милдеттүүбүз. Өлкөбүздү чогуу күч — аракет менен гана өнүктүрөбүз», — деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар