Бишкектеги Ата-Түрк эс алуучу паркындагы мыйзамсыз аттракциондор бузулат

09:16, 10 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Борбор калаадагы «Ата-Түрк» эс алуучу жайынан мыйзамсыз курулган үч аттракционду бузушту. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы билдирди.

Анын айтымында, аттракциондор уруксатсыз иштешкен.

Фото

«Айланма кичи-америкалык карусель, чынжырча карусель, «Каракчынын кемеси» селкинчеги бузулду. Белгилей кетсек, 28 аттракциондун 25ин буздурганга туура келди. Урматтуу ишкерлер, сиздерди жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоого чакырабыз», — деп кайрылат мэрия.