Дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюму: Вирус эпкини кайткан жок, кайра курчууда

15:38, 09 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалга тынчсызданууда. Бул тууралуу уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавирус пандемиясы дээрлик дүйнөнү каптап, кырдаал барган сайын курчуп жатат.

«Европада пандемия кырдаалы басаңдаганы менен башка аймактарда көп катталууда. Акыркы 10 күндүн ичинде эле 100 миңден ашуун учур катталды. Кечээги жугузгандардын 75 пайыздан ашыгы Түштүк жана Түндүк Америкада, Түштүк Азияда аныкталып, бир сутка ичинде 136 миңден ашты», — дейт Тедрос Аданом Гебрейесус.

ДСУнун башчысы учурда Африка чөлкөмдөрүнүн көпчүлүгүндө коронавирус тездик менен көбөйүп, жаңы аймактарда да пайда болуп жатканын белгилейт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коомчулук жайларда бет кап милдеттүү турдө тагынууну сунуштайт.

ДСУнун башчысы, бет капты бир гана коронавирус жуктуруп алгандар,  же болбосо алар менен байланышкандар, дарыгерлер гана кийсе болору боюнча пикирди колдобойт. 

«Бет кап ар кандай вирустардан, микробдордон тосот, ошондуктан тагынуу керек. Ошондой эле колуңуздарды бат-баттан жууңуздар», — дейт ал.

Эске сала кетсек, дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 7 миллион 119 миң 736га жетти.