Бишкекке Түркиядан 328 кыргызстандык кайтып келди

14:06, 09 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекке Туркиядан 328 кыргызстандык кайтып келди. Бул туралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Фото

Маалыматка ылайык, алар Turkish Airlines авиакомпаниясынын Стамбул—Бишкек каттамынын чартердик рейси менен келишкен.

Баардык учуп келген кыргызстандыктар обсервацияга жайгаштырылып, атайын медициналык процедурадан өтүшөрү белгилүү болду.

«Мекендештерибизди чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон баардык чаралар көрүлүүдү», — деп билдирди ТИМ.