13:24, 09 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкек жолунун экинчи фазасын оңдоп-түзөө иштерине «Бишкек көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун негизинде 29-июнда тендер жарыяланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аынын айтмында, оңдоп-түзөө иши ушул жылга пландалууда.
Бишкек шаарынын мэриясы 2019-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик иш сапарынын алкагында долбоорду ишке ашыруу жөнүндө протоколго кол коюлгандыгын белгиледи.
«COVID-19 пандемиясына байланыштуу жумуш баштала элек. Жолдорду куруу үчүн кытай компаниялары арасында дагы бир ирет конкурс жарыяланды», — деп кошумчалады мэр.
Эске салсак, долбоордун экинчи фазасынын алкагында 5 көпүрө куруу жана узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 жолду оңдоо пландалууда, көчөлөрдүн көбү турак жайларда жайгашкан.
Оңдоп-түзөө иштери кытайдын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.