Мушкер айым Айсулуу Тыныбекованын ажарлуу сүрөттөрү сүйлөсүн

12:43, 09 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Дүйнөнүн жана Азиянын күрөш боюнча үч жолку чемпиону, кыргыз элинин балбаны Айсулуу Тыныбекова Instagram баракчасына ажарлуу сүрөттөрү менен бөлүшүп, күйөрмандарын таң калтырууда.

Фото

Ал фотограф Галина Боковага ыраазычылык билдирип: «Бул фотосессия былтыркы жылга пландалган болчу. Жыйынтыгы мага аябай жакты. Галина-эң мыкты фотограф, аны менен иштешүү оңой. Бул фотосессия менин жагымдуу элестеримдин чокусунда сакталат», — деп жазган.

Бул сүрөт жарык көргөндөн кийин Айсулуунун күйөрмандары аны менен сыймыктанышаарын жана бул образ аны назик, сулуу көрсөтөөрүн суктануу менен пикир калтырышууда.

Айсулуу Тыныбекова- Азиянын үч жолку чемпиону (2016, 2017, 2019), Азия оюндарынын чемпиону 2018, дүнөнүн чемпиону-2019. Азия чемпионатынын алкагындагы аялдар күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова коло медалга ээ болгон.