COVID-19. Сутка ичинде үч дарыгерден коронавирус аныкталды

10:36, 09 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде үч дарыгерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө боюнча бир сутка ичинде үч медициналык кызматкерден коронавирус аныкталган. Ош шаарында-1, Ош облусунда-1, Ысык-Көл облусунда-1 дарыгер.

Коронавирус илдетин жуктуруп алган дарыгерлерден сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыкты.
Өлкө боюнча COVID-19 вирусу жалпы 403 дарыгерден аныкталган. Алардын ичинен 293 дарыгер айыгып чыкты.