COVID-19. Бир суткада 38 бейтап айыкты

10:25, 09 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде ооруканадан 38 бейтап чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымат жыйында билдирди.

Коронавирус илдетине чалдыккан 38 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын көбү Бишкекте-19, Ош шаарында-4, Ош облусунда-1, Нарын облусунда-13, Жалал-Абад облусунда-1.

Кыргызстан боюнча жалпы 1483 бейтап айгып, ооруканадан чыгарылды.