10:18, 09 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалымат жыйынында билдиришти.
Коронавирус пандемиясынан улам Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан 47 жаштагы аял көз жумду.
Кыргызстан боюнча жалпы 24 бейтап каза болгон.