02:29
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Нарында 28 жаштагы адамды сабап из жашырып кеткен үч адам издөөдө

Нарында белгисиз адамдар 28 жаштагы адамды сабап, из жашырып кетишкен. Бул тууралуу аймактык ИИМ 24.kg агенттигине билдирди.

Маалыматта, 7-июнда 28 жаштагы эркек киши милиция нөөмөтүнө арыз жазып кайрылган. Ал аны үч адам сабап, алардын бири бычак менен жамбашка сайып салганын билдирген.

«Азыр жабырлануучу облустук ооруканада дарыланууда. Факт Кылмыш жана жоруктар реестрине «Ден-соолугуна атйылап оор залал келтирүү» беренеси боюнча катталды. Тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат», — дейт ИИМдин маалыматында.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби