16:46, 08 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте БМЖККК кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган адамдан куткарып калды. Бул тууралуу укук коргоо органдары 24.kg агенттигине маалымдашты.
«Милиция кызматкерин көргөндө каракчы качууга аракет кылган, бирок кызматкер аны кууп барып колго түшүргөн», — дейт маалыматта.
БМЖКККнын басма сөз кызматы бул факт катталгандыгын тастыктады. Бул иш тергөөгө өтүп, кылмышкерди Свердлов РИИБне өткөрүп беришти.