16:03, 08 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандагы балдарга билим берүү уюмунун ассоциациясы Бишкектеги бала-бакча кызматкерлери ПРЦ-анализдеин акысыз тапшырып жатышат, ал эми региондогу кызматкерлерге төлөнүп жаткандыгына нааразы болушууда. Бул тууралуу уюмдан маалымдашты.
«Суроолор көп. Билим министрлиги республика боюнча бала-бакчаларды ачууга бирдей буйрук чыгарабы? COVID-19 вирусуна каршы каражаттарды баардык аймактар алдыбы? Анда эмне үчүн аймактардагы үч айлык маянасыз, ишсиз үйдө отурган кызматкерлер ПРЦ-тестти акысыз тапшыра албай жатышат? Көптөгөн бала-бакчалар географиялык жактан Аламүдүн району менен байланышкан, бирок шаар ичинде жайгашкан (Түштүк магистраль — 7-апрель, Көк-Жар айылы, Лебединовка) жана алардын балдары шаарга келишет. Бул маселе качан чечилет?», — деп кесиптик ассоциация нааразычылыгын билдирди.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда бала-бакчалар Республикалык штабдын чеими менен 5-июндар тарта иштеп башташты. Мектепке чейинки билим берүү мкекмелердин баардык кызматкерлери ПРЦ-тест тапшырышы керек. Тесттин жыйынтыгы менен гана иштөөгө уруксат берилген. Мындай кымбат баадагы тестке акчаны кайдан табуу керектигин аткаминерлер айтышкан эмес.