15:22, 08 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Республикалык штабдын 8-июндан тарта Кыргызстандагы мечиттер менен чиркөөлөрдү ачуу чечими азырынча эрте. Мындай пикирди БШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда депутат Сайдахмат Исмаилов билдирди.
Депутат белгилегендей, Медина менен Меккедеги эки эң чоң мечит жабык турат.
«Мен баардык мусулмандарга кайрылат элем. Азыр, мечиттерде аралыкты сактоо боюнча так көрсөтмө жок. Коронавирус менен күрөшүү үчүн дарыгерлер, мамлекеттик органдар, мамлекеттик кызматкерлер кандай гана эмгек менен күрөшүп жатышкандыктарын биз баарыбыз көрүп жатабыз», — деп кошумчалады Сайдахмат Исмаилов.