11:36, 08 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Дүйнөдө коронавирустун айынан 7 миллиондон ашык бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Жон Хоопкинс университетинин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борбору маалымдады.
Маалым болгондой, коронавирус жуктуруп алгандардын саны 7 миллиондон ашты.
Вирус күч алып жаткан өлкөлөр: АКШ-1 миллион 941 миң адам жуктуруп алган, 110дон ашууну коз жумган, Бразилия-691 миң 958 адам вируска чалдыгып, 36 миң 455 бейтап каза болгон, Россия — 467 миң 73 жуктургандар, 5851 каза болгондор.
Эске сала кетсек, ДСУ 11-мартта коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.