10:24, 08 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 1 медицина кызматкери вирус жуктуруп алган.
Стационарларда жаткан 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 400 учур катталды, алардын ичинен 282 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.